Орусиянын "кара тизмесине" кирген 4 кыргыз жаранын кошумча акча төлөбөй койгондуктан Казакстандан түшүрүп салган поезд коштоочуларынын иши сотко өттү

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" турган 4 кыргыз жаранын поезд коштоочулары кошумча акча бербей койгондуктарына байланыштуу Казакстандан түшүрүп салышкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылдын ноябрь айында поезд коштоочу 4 кыргыз жаранын "Орусияга чейин жеткирем" деп өзүнүн кызматы үчүн ири суммадагы акча каражатын алганы маалым болгон. Кыргыз мамлекетинен чыгып Казакстандын аймагына жеткенде ал дагы кошумча акча сураган. 4 жаран сураган акчаны бербей койгондуктан, коштоочулар аларды поездден түшүрүп салышкан.

Бул окуяга кабылган жарандардын айтымында, коштоочулар аларды Орусияга кирүүгө тыюу салынгандыктан административдик айып салып, алып калышканын билдиришкен. Ошол мезгилден баштап алар бир канча ай Казакстанда иштегенге мажбур болушкан. Алардын өздүк документтери жок болгонуна байланыштуу ушул жылдын январь айында гана мекенине кайтышкан.

Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн иштин натыйжасында “алдамчылык” беренеси менен 43 жаштагы Ж.Анвар жана 39 жаштагы О.Дамир аттуу поезд коштоочуларына карата кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, соттук кароого өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Akmosha
2016-04-14 12:57:07
Зайчиктер бейм.
+3
konsilium
2016-04-14 13:07:31
Поезд коштоочулар да поезде оздорун зор сезип калышат,ырастан эле
+5
jymabay1982ru
2016-04-14 14:13:42
Бир катар туздаш керек болуп калды коштоочуларды оокатын табайын деген Кыргыздарды куйдуруп эгип койгон эгинди жыйнагыла
+1
Ago
2016-04-14 15:34:53
Жд коштоочуларын бирин койбой жумуштан айдаш керек.Баары казахстандан зайчиктерди толтурат алар тункусун сен уктап жатканда сенин буюмунду котjруп тушуп кетет.Коштоочуларды ЖД башчысын дагы жумуштан айдаш керек!!
0
meerim78
2016-04-14 18:21:48
Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет демекчи-коштоочулор деле жакшы ой менен РФ жеткире аларбыз дешкендир.Эгер ошол адамдар РФга жетип алышса минтип чыгар беле?
-1
Aidowi
2016-04-15 16:33:07
meerim78,анда эмне Казакстанда деле жакшы ой мн тушуруп салыштыбы.Акмактар жазасын алышсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан