Бүгүн, 28-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары башталды. Өлкө башчы Жалал-Абад шаарында коомдук активисттер менен жолугушууда аларды митингдерге чыгуунун ордуна өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштөөгө чакырды. “Митингдердин маалы бүттү, эми иштешибиз керек. Өлкөдө өнүгүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Максаттуу эмгектенсек, Кыргызстан жакынкы аралыкта өнүккөн өлкөгө айланат”,- деди президент. Мамлекет башчы ошондой эле өлкөдөгү текшерүү органдары кыскара турганын кошумчалады. “Учурда текшерүүчү органдар абдан көбөйүп кетти. Бизге текшере турган эмес, иштей турган ишкана, уюмдар керек. Учурда бул багытта иш жүргүзүлүүдө”,- деди Алмазбек Атамбаев.