27-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн первентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, өкмөттүн быйылкы жана жакынкы жылдарга болгон пландарын талкуулашты. Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча сөз болду. “Биздин алдыбызда быйыл ички дүң продукциянын өсүшүн 8 пайыздык деңгээлде камсыздоо маселеси турат”,- деди Сатыбалдиев. Ал эми Енча Кыргызстандын өнүгүшүнө зарыл болгон жардамдарды БУУ көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.