27-март күнү Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Баткен гарнизондук аскер сотунун судьясы А.У. кармалды. Аталган судья кылмыш иши боюнча К.М. аттуу жарандын пайдасына чечимди кабыл алып берүү үчүн андан акча талап кылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ишти КРнын Аскер прокуратурасы көзөмөлгө алууда.