Жалал-Абад облусунда 10 тоннага жакын сурьма ташын мыйзамсыз ташып бараткандар колго түштү

Жалал-Абад облусунда "10 тоннага жакын сурьма ташын мыйзамсыз түрдө ташып жаткан" деп шектелген жарандар кармалганын 14-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Сузак районунда (Бишкек-Ош жолунан) Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүүгө алган маалда мүшөктөргө салынган 10 тоннага жакын сурьма ташы табылган. Алынган заттын үлгүсүн тастыктоо максатында экспертизага жиберилип, топтолгон материалдар өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiko15
2016-04-14 16:57:45
ташын эмес ташып
-4
admin_portal
2016-04-14 17:06:57
aiko15, саламатсызбы!
Кабарда сурьма ташын ташып бара жаткандар тууралуу жазылып жатат.
+1
Rifle_3
2016-04-14 18:55:07
Бийлик арам өлөт бир күнү. Иш жок, эл эптеп жашап жатат. Бири аткезчилик менен, бири кетмен чаап, бири кул болуп.
Бул байкуштарды эми олчойгон айып пул менен чыгарат . Ал эми млрд сомдорду жуткандарды көрбөйт.
Кудайым жашоону бир баланста кармайт. Бир күн келип, элдин ырыскысын жегендер, жерлерди саткандар, жолдордун чекесин кемирип алгандар кор болосуңар.
+3
suarez09
2016-04-14 20:03:09
Ушу бийликтен тойдум. Орттонуп кетем ушуларды ойлосом.Чекесинен камаш керек болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан