Борбордогу мечиттердин биринен Орусиянын жаранынын уюлдук телефонун уурдоого шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 18 жаштагы Т.Н. аттуу Орусиянын жараны кайрылган. Ал саат 18:30 чамасында "Дордой" базарында жайгашкан мечиттин ичинен күрмөсүнүн чөнтөгүнөн белгисиз адам 15 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шарынын 26 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандын башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталып, камакка алынды. Учурда иликтөө иштери улантылууда.