Чүй каналындагы көпүрөнүн астынан 36 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө шектүү катары 3 адам кармалып, камакка алынды

Борбор калаадагы Чүй каналындагы көпүрөнүн астынан 36 жаштагы адамдын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары 3 адам кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан 14-апрелде маалымдашкандай, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Чүй кичи каналынын Салиева жана Т.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан көпүрөнүн астынан 40-45 жаштардагы азиат улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган аймакка атайын топ жөнөтүлүп, жансыз дене кароого алынган. Ал баш мээсинен жаракат алгандыгы үчүн өлүмгө дуушар болгондугу аныкталып, экспертизалык текшерүүгө жөнөтүлдү. Ыкчам иш-чаранын негизинде маркум 36 жаштагы К.Алмаз аттуу жаран экендиги аныкталды. Маалыматтарга караганда, ал өзүнүн тааныштары менен биргеликте спирт ичимдиктерин ичип отуруп, жыйынтыгында эркектер арасында уруш чыгып, К.Алмаз катуу ур-токмокко алынган. Натыйжада каза болуп калган.

Аталган кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Г.Сергей, Орусиянын 35 жаштагы жараны П.Наталья жана Бишкектин 34 жаштагы тургуну К.Александра кармалып, аларга кылмыш иши ачылды. Учурда Свердлов райондук соттун чечиминин негизинде шектүүлөр СИЗО-1ге камакка алынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sher.ella
2016-04-14 18:30:09
Баары орус экенда
+1
aibek90
2016-04-14 19:01:28
бул ХХХ ХХХ менен минеге ичиптир екен
0
admin_portal
2016-04-15 09:23:49
aibek90, башкалардын улутун кемсинтүүгө, мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
0
Erniet
2016-04-14 23:16:14
Ичкиликтин аягы ушул да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан