Нарын облусунун Ак-Талаа районуна асфальт-бетон заводу курулат

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 27-мартта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулбаевди кабыл алды. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы билдирет. Акимдин айтымында, аталган район облус борборунан 500 чакырым алыс жайгашкан. Районду жалгыз гана жол оңдоочу ишкана тейлейт. “Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо алдында Ак-Талаада эл менен жолугушканда асфальт-бетон заводун куруп берүүнү убада кылган, быйыл ал убада планга кирди. Бирок учурда жолдордун абалы начар”,- деди Кулбаев. Ал эми Чыныбай Турсунбеков бул көйгөйдүн чечилишине көмөк көрсөтө турганын айтты. Ошондой эле социалдык тармактагы бир катар маселелер көтөрүлүп, аны чечүүнүн жолдору талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан