Токмок шаарында "дыйкандын малын жана ири суммадагы акча каражатын тартып алган" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Токмок шаарында бир нече кылмыш фактыларына шектелип издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылдын март айынан баштап уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү дыйкандын үй-бүлөсүн коркутуу жолу менен акча талап кылып жүрүшкөн. Былтыр апрель айында жабырлануучунун 13 баш коюн жана ири суммадагы акча каражатын тартып алышкан. Бул факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 47 жаштагы Талант С. жана 23 жаштагы Айтбек Р. аттуу эки тургуну кармалган. 2016-жылдын 11-апрелинде ушул эле кылмышка катыштыгы бар деп Токмок шаарынын 36 жаштагы О.Я. аттуу тургуну кармалды.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап талап кылуу” жана “тоноочулук” беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан