Бишкектеги кафелердин биринен чет элдик жарандын капчыгын уурдоого шектелгендер кармалышты

Бишкектеги кафелердин биринен чет элдик жарандын капчыгын уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Түштүк Кореянын 44 жаштагы Л.И. аттуу жараны кайрылган. Ал болжол менен саат 19:00-21:00 убакыт аралыгында 8-кичи райондогу кафелердин биринен белгисиз адам күрмөсүнүн чөнтөгүнөн капчыгын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 9 миң сомду түзгөн.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 30 жаштагы Ш.Р. аттуу тургуну жана 31 жаштагы Б.Д. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagidko88
2016-04-15 08:51:50
9мин учун кеттинер эми... уурулук жакшыга алпарбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан