Орусиянын Москва шаарында 73 куруучу тамак-ашка ууланды. Орусиялык ММКлардын маалыматтарына таянсак, 13-апрелде аталган шаардагы жатаканалардын биринде Рублёв шоссесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирин куруп жаткан 73 куруучу тамак-ашка ууланып калган. Алардын көпчүлүгү Тажикстандын жарандары, арасында кыргыз жарандары да бар экени белгилүү болду.
Аталган жатаканада ашкана жок болгондуктан, жетекчилери жеке фирма менен келишим түзүп, алар куруучуларды тамак-аш менен камсыз кылып турушкан. Кечки тамакты ичкенден соң алар өздөрүн жаман сезип, “Тез жардам” кызматкерлерин чакырышкан. Окуя болгон жерге 27 “Тез жардам” унаасы барып, жабырланган жарандардын баарын ар башка ооруканаларга жеткиришкен. Алгачкы жардам көрсөткөн соң жабыркагандардын айрымдары ооруканадан кетишкен. Аталган факт боюнча тиешелүү кызматкерлер тамактарды текшерүүгө алып, иликтөө иштери жүрүүдө.