Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ош облусундагы Кара-Суу шаарындагы балдар ооруканасынын аймагында трансформатор жарылып кеткен. Трансформатордун электр зымдары күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан. Анын кесепетинен жаракат алгандар жок экендиги кабарланды.