Жалал-Абад. Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда "ата журтчу" 3 депутаттын тарапташтары менен жолугушту
Бүгүн, 28-мартта президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Өлкө башчы адегенде облустук администрацияда журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, андан соң сыртта топтолгон "ата журтчу" 3 депутаттын тарапташтары менен жолугушту. Жолугушууга 500дөй адам келип, алар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу жана "Кумтөр" маселесинин оң тарапка чечүүгө убада берүүсүн өлкө башчыдан суранышты. Алмазбек Атамбаев бул ишти сот чече тургандыгын, соттук процесстерге кийлигише албай тургандыгын айтты. Ал чогулгандарды сабырдуулукка чакырып, "соттун чечими чыккандан кийин гана бул ишке президент кийлигише алат. Мен айкөлдүктү соттун чечиминен кийин көрсөтөм",- деди.