Өлкөнүн түштүк аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүү болду

Бүгүн, 15-апрелде саат 07:14тө өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, анын очогу Өзбекстандын аймагында катталып, күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Көк-Таш айылынан 20 чакырым түндүккө карай, Ала-Бука айылынан 55 чакырым түндүк-чыгышка карай, Терек-Сай айылынан 55 чакырым түндүк-чыгышка карай, Таш-Көмүр шаарынан 105 чакырым түштүк-батышка карай жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Көк-Таш айылында 2,5 балл болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан