Чүй облусунда "бейтааныш адамды себепсиз ур-токмокко алып, денесине залал келтирген" деген шек менен жергиликтүү 6 тургун кармалды

Ысык-Ата районунда "бейтааныш адамды себепсиз ур-токмокко алып, денесине залал келтирген" деген шек менен жергиликтүү 6 тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы Т.Н. аттуу Новопокровка айылынын тургуну кайрылган. Ал 14-апрелге караган түнү саат 01:00 чамасында аталган айылдагы кафелердин биринин жанынан 5-6 белгисиз жигит аны ур-токмокко алып, денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.Э., М.Т., Б.А., Б.И. жана 18 жаштагы К.А. жана А.Б. аттуу Чүй облусунун тургундары кармалган. Учурда алар камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан