Бишкек шаарында "бейтааныш кыздын үйүнө кирип, аны зордуктоого аракет кылган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Ж.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 14-апрелге караган түнү саат 02:00 чамасында белгисиз 30-35 жаштар чамасындагы киши үйүнө кирип келип, күч колдонуу менен аны зордуктоого аракет жасаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ш.Н. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.