Борбор калаада батирлерди тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин кызматкерлерине "шаарда батирлерди тоноо менен алектенген топ бар" деген маалымат түшкөн. Анын негизинде жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышкерлер батирлерди ээлери үйүндө жок маалда, күндүз тоноп жатканын аныкташкан. Иликтөөнүн алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы мурда "уурулук" беренеси менен 2 жолу сот жобуна тартылган Жалал-Абад облусунун А.К. аттуу тургуну кармалган. Анын жашаган жеринен батирлерден уурдалган 6 сыналгы жана 2 DVD алынган. Учурда кылмышка шектүү 10го жакын батирди тоногонун моюнуна алып, бул факт боюнча иликтөө улантылууда.