Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 92 килограммдан ашуун баңгизаттын ар кандай түрлөрү алынды

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда 92 килограмм 980 грамм баңгизаттын ар кандай түрлөрү алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, баңгизат кылмышы менен алектенишкен 65 адам кармалса, анын 58и 18-55 жаштагылар. Ошондой эле 55 жаштан жогору 6 адам, 1 өспүрүм кармалган. Жыл башынан 3 атайын адистештирилген операциялар өткөрүлүп, анын алкагында 17 баңгизатка байланышкан кылмыш катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 24 килограмм 834 грамм баңгизаттын ар кандай түрлөрү алынды. 2016-жылдын 2-чейрегинде Ысык-Көл ОИИБи тарабынан «Мак-2016» операциясынын алкагында бир катар комплекстүү иш-чараларынын үстүндө иштөө боюнча даярдыктар көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidowi
2016-04-16 01:36:34
Кытайда дароо эле атууга кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан