Кечээ, 14-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Япониянын кол өнөрчүлүк салты жана техникасы" деген аталышта көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө керамика, айнек, жыгач, кагаз жана текстилден жасалган 92 экспонат коюлган.
Япон элинин маданият жана тарыхына кызыккандар келип, бул жайды кыдырып жатышат. Көргөзмө жайгашкан жайдын жалпы сүрөттөлүшү көз жоосун алган кооздукка ээ эмес. Ал эми ар бир буюмга жакын барып үңүлө караганда кызыгуу туулат.