Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры оңдолду. Маалыматка таянсак, көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөн театр 2016-жылдын февраль айында өрттөнүп кеткен. Мекеме жетекчилиги имаратты оңдоо боюнча өкмөткө кайрылып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Аягында башка демөөрчү табышып, маданий мекеме калыбына келтирилди. Оңдолгон имараттын ачылышы Б.Кыдыкееванын өмүр баянын чагылдырган спектакль менен аяктады.