Ысык-Көл районунда окуучулар арасында массалык мушташ болуп, бир бала ооруканага жеткирилди

Ысык-Көл районунда окуучулар мушташып, бир бала алган оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 13-апрелде саат 21:00 чамасында аймактык милиция кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "массалык мушташ болуп жатат" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге кызматкерлер барышып, мушташтан жабыркап калган балдар эле калганына күбө болушкан. Алар Семёновка айылынын 11-классынын 4 окуучусу экени маалым болгон. Мушташтын кесепетинен Кожояр айылынын 17 жаштагы тургуну алган оор жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында жабырланган балдар Семёновка айылында болуп өткөн футболдук мелдештен кийин кетип бара жатып талаш сөздөн улам мушташа кетишкени белгилүү болгон. Жабырлануучуларга карата күч колдонгон 7 бала Кашат айылынын 17-19 жаштагы тургундары экени белгилүү болду.

Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_3
2016-04-15 23:46:34
Агайлар урса эле апасына айтып барып, апалары сотко берип окуучуларды эркелетип бүттү .
Биз мугалимдерден ийменип турат элек. Бизге чейинки ааларыбыз агайларды көргөндө качып кетишкен экен. Азыр окуучудан мугалим коркот, ошого башаламандык болуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан