Борбор калаада коомдук унаадан өспүрүм кыздын кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 20 жаштагы Э.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 12-апрель күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 212-коомдук унаадан 13 жаштагы сиңдисинин чөнтөгүнөн 18 500 сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы М.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.