Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 46 жаштагы Г.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал чала таанышы февраль айында ишенимине кирип "аэропорттон кафе алып иштетебиз" деген шылтоо менен 45 миң сом акчасын алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 45 жаштагы Х.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.