Пишпек шаарынын биринчи башчысы Илья Терентьевдин үйү мурунку калыбына келтирилет

Бүгүн, 28-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев менен Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардагы К.Жакыпов атындагы сейил бакта жайгашкан Пишпек шаарынын биринчи башчысы Илья Терентьев жашаган үйдүн абалы менен таанышышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Текшерүүдөн соң аталган үйдү баштапкы калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. Эске сала кетсек, 27-мартта мэр Иса Өмүркулов Терентьевдин үйүн оңдоп, калыбына келтирүү үчүн бюджеттен тышкаркы каражат издөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан