Чек ара кызматы: "Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын иниси баңгизат менен кармалды" деген маалымат текшерилүүдө

"Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууган иниси кыргыз-казак чек арасынан баңгизат менен кармалган" деген маалымат тарады. Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 15-апрелде SUPER.KG порталына маалымат текшерилип жатканын кабарлады. "Учурда айтылган маалымат текшерилүүдө. Чек ара кызматы казак чек арачыларына расмий суроо-талап жиберген. Анын жообу дароо келбейт, азырынча жооп күтүүдөбүз", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Айта кетсек, бүгүн социалдык тармактарда "башкы прокурордун бир тууганы, 1987-жылы туулган Эрмек Жолдубаев 9-апрель күнү кыргыз-казак чек арасынан баңгизат менен кармалды" деген маалымат тараган. Башкы прокуратура бул тууралуу маалыматты четке кагып, прокурорго шилтеме берүү менен ал күнү анын иниси Бишкекте болгонун жана кыргыз-казак чек арасын кесип өтпөгөндүгүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Birimdik5555
2016-04-16 00:48:44
Максим Бакиевди,Батукаевди да бошоткондугу учун критика кылган эле да,эми бийлик эптеп бул аялдан кутулуунун жолун издеп атат экен да
+2
AK-47.
2016-04-16 01:03:20
Жолдубаеванын иниси болсо камалбайтко чын болсода жалаа деп жаап жашыратда.мага сага окшогон карапайым болгондо ошол элэ жерден данныйынды тактамак.Башкы прокурордун иниси болсо эле балее болуптурбу андай адамдарды камакка алып чиритиш керек. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабвйТко. Айла жок экенго АШанын бийлигине
+3
AK-47.
2016-04-16 01:10:20
Касамкор экенсинго , Индира сен жумушта журсон Инин кайда дайдип жургонун кайдан билесин кылмыш кылдыбы кама кол ийрисине тартат кылбай
+4
AK-47.
2016-04-16 01:12:54
Колумда бийлигим болсо баарын камакка алмакмын бийликтегилерди
+4
chyngyz-KG
2016-04-16 01:28:18
Ал Банкта иштейт.87 эмес 86.Коп созду кобойтбогуло
-8
baltabaev
2016-04-16 03:06:26
Ха ха хи хи эми эмне болот яя
0
Azumi32
2016-04-16 07:38:13
Кимисине ишеничти билбейсин.
0
temirov76
2016-04-16 08:23:06
Жакында отставка экенда Индирага.
0
dasta
2016-04-16 08:40:20
Айланып кетейндерим буйурса баары жакшы болот. Жакында баарын кымбаттатам налокту електир енергиясын индиираны жумушунан алам мени билесинерго акты ак караны кара дейм
+4
nursultan67
2016-04-16 09:12:54
2017ге чейин бийликти тазалайт атамбаев озунун кучукторун коет
+2
aisu12345
2016-04-16 11:02:21
Менин тушунбогонум эмнеге кайра кайра эле аяал кишини ушул орунга койот .Себептери кооп чгар акылыбыз жетсе да ал жетпейт деген ушу да чиркин
0
nuke1988
2016-04-16 11:05:19
Устудо отурган бийликтегилер мен торолгондон бар ушулар тойуп олбоду жанталашатта жанталашат горуно кошуп алып кете тургансып
+2
Nasi1981
2016-04-16 22:14:06
Бул ашанын кезектеги курмандыгы.
0
bond0202
2016-04-16 23:42:47
олло суйом да ушуну
-1
admin_portal
2016-04-19 10:57:07
Neymarf, агрессивдүү, бирөөлөрдү мазактаган, сөгүнгөн жана чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдүн эбегейсиз көбөйүшүнөн улам убактылуу ушундай чара колдонулду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан