Аламүдүн районунда КамАЗ жеңил унааны сүзүп аңга түшүп кетти, оор жаракаттардан улам жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 22:30 чамасында Шабдан баатыр көчөсүндө, Көк-Жар айылынын аймагында орун алган. Анда 3 чиркегичи менен картошка жүктөп келаткан КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып, жолдо келаткан Хонда Фит унаасын сүзгөн. Натыйжада Хонда Фит жол боюндагы арыкка түшүп, анын үстүнөн КамАЗ басып калган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жеңил унаанын ичинде 5 адам болгон, алардын экөө оор жаракаттардан улам каза болуп, калгандары оор жаракат алышкан.