Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жана эки жүргүнчү жеңил жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында Бишкек-Ош унаа жолунун 225-чакырымында орун алган. Анда Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада айдоочу (аты-жөнү такталууда), 1989-жылы туулган Айбек А. жана 1983-жылы туулган Хадиба С. жеңил жаракаттарды алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.