Борбор калаада шаар тургунун тоноого шектелген 4 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 25 жаштагы М.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 23:00 чамасында үйүнүн жанынан азиат улутундагы 3-4 жигит күч колдонуу менен 20 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 16 жаштагы З.Т., О.Д., К.С. жана 17 жаштагы У.Ж. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.