Бишкекте "борбордук мечиттен уюлдук телефон уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында "борбордук мечиттен уюлдук телефон уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 38 жаштагы А.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 21:00 чамасында Гоголь көчөсүндө жайгашкан борбордук мечиттен белгисиз адам күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 4 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2016-04-16 19:24:22
2012-жылы менин уулумдун да соткасын уурдап коюшкан Кудайдан умуту жоктор! Уулум 1997-жылкы намазга даярданып даарат алуу учун жуунучу жайга кирип соткасын унутуп кеткен. Намазды баштаар кезде эстеген бирок, намазын каза кылбоо учун намаздан кийин кароону чечкен. Себеби, ал мечитте эмес Бишкектин Сокулугунда кара чечекей жалгыз иним менен квартирада туруучу. Ошону менен чыгып караса соткасы жок.... Мен Москвада иштоочумун. Бир канча кун ыйладым, себеби уулумду озум тарбиялоочумун.....
0
Medina87
2016-04-16 19:59:32
Профилиме карап 10 жашында торогонбу деп жаман ойлоп калбагыла. Бул никти мага белек кылышкан. Андыктан туура тушуносуздор деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан