Бүгүн, 16-апрелде саат 08:39 чамасында өлкө аймагында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, анын очогу Өзбекстандын аймагында катталып, жер титирөө Теңги айылынан 23 чакырым түштүк-батышка карай, Чаткал районунун Сумсар айылынан 30 чакырым түштүк-батышка карай, Ала-Бука айылынан 55 чакырым түндүк-батышка карай, Аксы районунун Кербен шаарынан 75 чакырым түндүк-батышка карай, Таш-Көмүр шаарынан 100 чакырым түндүк-батышка карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Теңги, Сумсар айылдарында 5 балл, Ала-Бука айылында 4 балл, Кербен, Таш-Көмүр шаарларында 3-4 балл, Баткен, Кызыл-Кыя, Ош шаарларында 2-3 балл болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.