Бишкек шаарында кардарынын уюлдук телефонун уурдоого шектелген таксист кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкектин 30 жаштагы С.Р. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 16:30 чамасында Чыгыш-5 кичи районунан такси кызматтарынын биринин айдоочусу 18 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн аракеттердин алкагында Чүй облусунун 28 жаштагы К.В. аттуу тургуну кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.