27-март күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан суу алдынан башкаруучу телеаппарат белекке берилди. Бул тууралуу ӨКМнын алдындагы суучулдар кызматынын жетекчиси Алмабек Абакеев билдирди. Орусиянын “Куткаруу каражаты” илимий-өндүрүштүк борборунун директору Юрий Потапенко атайын иш сапары менен Кыргызстанда болуп, ӨКМнын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Аталган аппаратты чубалгы аркылуу суу астына салып, суу тереңинде эмне болуп жатканын сырттан көрүүгө болот. “Суучулдардын иши бир топ эле кыйын, ал эми белекке келген аппарат суу алдында ар кандай техникалык иштерди жүргүзүү жана суучулдарды даярдоого шарт түзүп, ишибизди жеңилдетет”,- дейт Абакеев.