Борбордогу үйлөрдүн биринен 10 миң долларлык зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен жалпы суммасы 10 миң долларды түзгөн зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 28 жаштагы Х.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал март айынын башында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 10 миң долларлык зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Ш.Л. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан