Бүгүн, 16-апрелде саат 12:42 чамасында өлкө аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, анын очогу Өзбекстандын аймагында катталып, жер титирөө Избаскан айылынан 3 чакырым түштүк-батышка карай, Бүргөндү айылынан 4 чакырым түштүк-чыгышка карай, Кочкор-Ата шаарынан 15 чакырым батышка карай, Үч-Коргон айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка карай, Ош шаарынан 70 чакырым түндүк-батышка карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Избаскан, Бүргөндү айылдарында 2,5-3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Айта кетсек, бүгүн саат 08:39 чамасында өлкө аймагында 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.