Акыркы суткада өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталып, Кара-Балтада уюлдук байланыш операторлорунун биринин кеңсеси күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында уюлдук байланыш операторлорунун биринин кеңсеси күйүп кетти. Анда Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан компаниянын жалпы аянты 78 чарчы метр кеңсесинин 25 чарчы метр пластик шыбы, уюлдук телефондор, компьютерлер, сыналгы күйгөн. Учурда үч ижарачынын аты-жөнү жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2016-04-17 17:07:53
Кайсыл компания экен кызык
0
barsbegKG
2016-04-17 17:28:41
Сын пикир жазчу дерек кайда??? Тушундуруп койгулачы. Алдын ала ыракмат!!!
0
admin_portal
2016-04-19 10:40:37
barsbegKG, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан