Борбор калаада уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы К.Р. аттуу жаран кайрылган. Ал Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан телефон оңдоочу жайдан баасы 9000 сом турган уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы У.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.