Ала-Бука районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген шагыл таштар унаа жолду тосуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 03:00 чамасында Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 16-22-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген шагыл таштар унаа жолду тосуп калган. Учурда аталган унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалар гана өтүп, жеңил унаалар өтүүгө мүмкүн болбой калды. Кыйроолор болгон жок жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. "Аталган аймакка бөлүнгөн техникалар жеткенден кийин тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.