Бишкек -Торугарт унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, 1 жүргүнчүсү каза тапты

Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, 1 жүргүнчүсү каза таап, экөө ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 11-чакырымында болгон. Анда 30 жаштагы Б.Н. аттуу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол боюндагы даракты сүзгөн. Натыйжада 29 жаштагы У.Н. аттуу жүргүнчү оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза болгон, ал эми 26 жаштагы О.А. жана 37 жаштагы М.А. аттуу жүргүнчүлөрү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилишкен. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан