Бүгүн, 18-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Коалициялык көпчүлүк жалгыз талапкер көрсөтүүгө катуу аракет кылымыш болду. Окуянын жүрүшү КСДПнын оюну жүрүп жаткандай көрүнүүдө. Эки талапкерди бири-бирине тирештирип коюп, жыйынтыгында башка, амбициясы азыраак үчүнчү талапкерди чыгаруу жолун карап жаткандай. Талапкер экөө болсо, экөө тең жетиштүү добуш ала албай калышы мүмкүн. Мындай жүрүш менен жаңы талапкер алып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал талапкер Чыныбай Турсунбеков болушу толук мүмкүн. Ошентип, КСДП фракциясынын төрагасынын орду бошосо, ал орунга Асылбек Жээнбеков келиши ыктымал.
КСДПнын депутаты Жанар Акаев эки талапкердин бирин тандоо аракетине депутаттар каршы болуп жатканына "далил" болуп берди. "Саясий атаандаштык, программалардын талаш-тартышы деген жоголуп баратат. Эми бул ирет Бакыт Төрөбаевди спикерлик орунга талапкерлигин шайлоого чейин эле жоготуп, жалгыз талапкер чыгаргысы келгендер жок эмес, бул туура эмес",- дейт депутат.
КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн коалициянын жабык жыйынында фракциялар бир пикирге келе албаганын, Исаев менен Төрөбаев бири-бирине жол бошотпосо, палатага экөөнүн тең талапкерлиги сунушталышы мүмкүн экенин билдирди.
Мындай оюнду бүгүн "Ата Мекен" фракциясы да ийгиликтүү аткарды. "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин карап, экөөнүн кимиси татыктуу дегенде фракциядагы 10 депутаттын бешөөсү Исаевге добуш берсе, бешөөсү Төрөбаевди көрсөттү. Ал эми "жыйынга катышкан жок" деп депутат Аида Салянованын добушун атайын эсептебей коюшту. Ошентип, добушту 5:5 кылып бөлүү менен палатага экөөнү тең сунуштоо чечимин чыгарып берди. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев экөө тең татыктуу экенин, спикерликке кимисин шайлоону депутаттар өздөрү чечиши керектигин айтты.
Парламент төрагасы жалпы депутаттардын жарымынан көбүнүн же 61ден кем эмес депутаттын добушу менен шайланат. Спикер ушул аптада парламенттин жалпы жыйынында шайланары күтүлүүдө.
Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримов Кыргыз Республикасынын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу аракети боюнча позицияларын бекемдешти. Ташкентте жолугушкан лидерлер Борбор Азия өлкөлөрүн жаңы ГЭСтерди курууда эл аралык эрежелерди сактоого чакырышып, суу ресурстары аймактагы элдердин жалпы энчиси экенин белгилешти. Каримов менен Назарбаев кыргыз мамлекетине карата "сууга кожоюн эмессиңер, биз менен эсептешкиле" деген талаптарын бекемдеп алышты. Эгемендүү Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагындагы табигый байлыкты пайдаланууда коңшулардан көз каранды бойдон калууда.
Коңшулардын каршылыгынан улам кыргыз өлкөсү Камбар-Ата-1 ГЭСин азыркыга чейин кура албай келет. Орусиянын калкалоосу менен куруу аракети да ишке ашпаган бойдон калды. "Долбоордун токтотулушу - келишим шарттарынын бузулушу" деп расмий айтылганы менен, адистер муну Орусиянын Өзбекстанды көндүрө албай коюшу менен байланыштырып жүрүшөт. Бул маселеде Назарбаев менен Каримов бир пикирде экенин дагы бир ирет билдириши президент Атамбаевге "көзүңдү ач" деген жумшак эскертүү өңдөндү. Кыргыз бийлиги эртеби-кечпи, баары бир коңшулар менен тил табышуу жолдорун издеши керек болот. Өзбекстанды көндүрүү жеңил эместир, бирок суу башында жайгашкан эгемендүү өлкө катары биринчи кезекте Өзбекстандын пахта талаасынын эмес, светтин акчасын төлөй албай кыйналып турган кыргыздардын кызыкчылыгы корголушу керек. Бул үчүн "коңшуларга чөгөлөбөйм" деген куру кыйкырык эмес, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана күчтүү аргументтер талап кылынат.
Канткен күндө да коңшуларды чочулаткан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору токтогону факт. Ушундай кырдаалда коңшу президенттердин маселени кайра козгоп жатышы кыргыздарды эсептешүүгө жасаган чакырыгы болушу мүмкүн. Каримов менен Назарбаев жолугушууда "Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн башчыларын диалогго чакырабыз" деп белгилешти.
Кыргыз жеринде төрөтканаларда “бэби-бокс” же таштанды ымыркайлар үчүн атайын контейнер орнотуу пландалууда. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин билдиришинче, мындай чаранын максаты - таштанды ымыркайлардын өлүмүн азайтуу. Эми жеке менчиктеги жана мамлекеттик төрөтканаларда атайын таштанды наристелерге кутулар орнотулат. Мында баланы каалабаган эне ымыркайды анонимдүү түрдө кутуга калтырып кете алат.
Мындай аракет көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес... “Бэби-бокс” кызматы ымыркайлардын ташталышын азайтпай, тескерисинче, көбөйтүшү мүмкүн. Анткени "баланы кантип, кайсы жерге таштоо" жолун мамлекет өзү көрсөтүп, ага жакшынакай шарт түзүп бергени жатат. Мындан көрө көйгөйдүн алдын алууга киришсе болмок. “Бэби-бокс” кызматы Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 59-беренесине да карама-каршы келет: "Ар бир бала, үй-бүлөдө жашоого, атасын да, энесин да билүүгө, алардан камкордук көрүүгө, алар менен чогуу жашоого укуктуу..."
Мындай ыкманы эки жыл мурун Казакстандын Алматы шаарында колдонууга киргизүүнү чечишкен. Бирок быйылкы жылдын башында Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги мындай ыкма ымыркайлардын өлүмүн азайта албай турганын билдирип, “Бэби-бокс” системинен баш тартуу чечимине келгени жарыяланган. Менталитети, жашоо шарты жагынан кыргыздарга окшош эл бул тажрыйбадан баш тартууну чечсе, биздин мамлекет аны колдонууга өткөнү жатат. Кыргыз өкмөтү мындайда Европага эмес, коңшу өлкөгө карап түздөнүшү керектир...