УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы аныкталды. Бул тууралуу 18-апрелде УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, 2012-жылы жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Алмалуу айыл өкмөтү Кызыл-Суу айылында М.Өмүралиев атындагы орто мектептин (кийин - объект) чатырына капиталдык оңдоо жүргүзүүгө 3 миллион 263,7 миң сом суммага жумушту аткаруучу “Орбитал - Строй” ЖЧКсы менен келишим түзгөн. 2014-жылы Алмалуу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери оңдоо иштери бүткөндөн кийин көрсөтүлгөн суммадагы аткарылган жумуштары менен пайдаланууга объектти кабыл алышкан.
Бирок Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистеринин катышуусунда текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жумушту аткаруучу чатырды оңдоодо колдонгон профнастил тендердин документтеринин талаптарына жооп бербегени, сапаттык тастыктамасы жоктугу жана дат баскандыгы аныкталган. Мындан сырткары жумушту аткаруучу колдонгон башка курулуш материалдарынын баасынын жогорулатылгандыгы аныкталган. Ошол себептен, жараксыздыкты эске алганда, аткарылган жумуштардын көлөмү жогорулатылган түрүндө мамлекетке 1 миллион 248,1 миң сом зыян келтирилген.
Бул боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Кемин районунун прокуратурасы Алмалуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.