15-апрелде 22:30 чамасында Аламүдүн районундагы Шабдан баатыр көчөсүндө КамАЗ жеңил унааны сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапкан. 16-апрелде да аталган жайда эки унаа кагышканын күбөлөр SUPER.KG'ге билдиришкен.
Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнүн башчысы Каныбек Сулайманов экинчи катталган жол кырсыгы боюнча патрулдук милицияга эч кандай маалымат жетпегенин айтты. Ал бул жайда болгон жол кырсыктары Көк-Жар жаңы конушунда жолдун оңдолуп жатканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, 15-апрелдеги жол кырсыгында 3 чиркегичи менен картошка жүктөп келаткан КамАЗдын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып, жолдо келаткан Хонда Фит унаасын сүзгөн. Натыйжада Хонда Фит жол боюндагы арыкка түшүп, анын үстүнөн КамАЗ басып калган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жеңил унаанын ичинде 5 адам болгон, алардын экөө оор жаракаттардан улам каза болуп, калгандары оор жаракат алышкан.
“15-апрелде болгон кырсык боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Айдоочу жана күбөлөр, оңдолуп жаткан жолдо тиешелүү белгилер жана көчө жарыктары жок экендигин айтып жатышат. Балким, кырсык ошол себептен болгондур. Айрымдар унаанын токтоткучу (тормоз) кармабай калып кокустук болуп кеткенин айтышууда, бирок экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча эч нерсе айта албайбыз”,- дейт Сулайманов.