"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында ачууга алдырып эркек адамды катуу сабап салган" деп шектелген айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-февралда Таш-Көмүр шаарынын кичи курулуш аймагында жайгашкан ресторандын жанында токтоп турган Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу шек жараткандыгына байланыштуу Таш-Көмүр шаардык милициясынын кызматкерлери автоунаага кароо жүргүзүшкөн. "Текшерүүнүн жыйынтыгында унаанын багажынан жергиликтүү тургун эс-учун жоготкон абалда табылган. Баш сөөгү канга чыланган, денесинде көк алалар болгон. Жабырлануучу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми кылмышка шектүү адам жабырлануучуну ачууга алдырып катуу уруп салганы боюнча көрсөтмө берген. Бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүү болгон адам шаардык соттун санкциясы менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам мурда бейбаштык менен соттолгон",- дешти милициядан.