Өткөн аптада футзал боюнча өлкө чемпиондугу (Суперлига) аяктады. Анда алтын медалды Ош шаарынын "SRT" командасы камсыздады. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, команда 8 оюнда 7 ирет жеңишке жетишкен.
2-орунду Жалал-Абаддын "Динамо" клубунун оюнчулары камсыздашты. Коло медалдарды болсо Суперлигага быйыл чыккан бишкектик "Фарватер" командасынын оюнчулары тагынышты.
Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды:
Мыкты дарбазачы – Виталий Зубарев ("SRT" командасы)
Мыкты оюнчу – Улукбек Орозбеков ("Фарватер")
Башкы бомбардир – Максатбек Алимов ("Динамо")
Мыкты машыктыруучу – Руслан Гафуров ("SRT").