Бишкекте айдоочу эвакуаторду сүзүп, окуя болгон жерден көз жумду. Унаа ичиндеги жубайы жана баласы оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилди

Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу эвакуатор унаасын сүзүп каза болгонун бүгүн, 18-апрелде Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми кырсыктан жаракат алган айдоочунун жубайы менен баласы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Маалым болгондой, 17-апрелде болжол менен саат 15:00дө Гагарин көчөсүнөн Ниссан Примера үлгүсүндөгү жеңил унаа батыштан чыгышка карай баратып эвакуаторду сүзүп алган.

Эвакуатордун айдоочусунун айтымында, ал унаасын жолдун жээгине токтотуп, өзү дүкөнгө кирип кеткен. Катуу үндү укканда сыртка чыкса, Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа эвакуаторунун артынан келип сүзүлгөнүн көргөн.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maks94.kb
2016-04-18 18:31:03
Эмне учун жолдун жеегине токтотот
-8
ulan.zhoroev
2016-04-18 20:07:05
maks94.kb, Анан не жолдун ортосуна токтотуш керекпи э бир аз ойлонуп туруп жазсан
+7
nurchik05
2016-04-18 23:01:00
maks94.kb,дарака асып койгонго жетишпей жолдун жээгине токтотуптур
+4
bilbeim.dordoi
2016-04-18 21:00:38
Акырын журсо болмок, окунучтуу
+3
CHORO.66
2016-04-18 22:20:00
"А" дейбиз "бу" дейбиз,кумурсканын буту да кудайсыз сынбайт.
+2
SHAHDAR
2016-04-19 15:32:35
Туура эмес жерге токтоткон болсо ага дагы жооп берет. Бирок артынан сузгон куноолу.
Арты кайрылуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан