Ош шаарына жаңы оорукана куруу тууралуу Кытай менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилди. Бул маселени депутаттар бүгүн, 28-мартта талкуулап, долбоорду колдоого алып беришти. Кошумчалай кетсек, келишимге ылайык Кытай тарап бул оорукананы түптөөгө 42 миллион юань бөлүп бермекчи. Ал эми оорукана 150 бейтапка ылайыкталып, 12,5 миң чарчы метр аянтты ээлейт.