Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 18-апрелдеги буйругу менен аталган облуста “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Чүй облусунда жамгырдын катуу жаагандыгына байланыштуу Ысык-Ата, Москва райондорундагы бир нече айылдардагы үйлөрдү, курулуштарды, унаа жолдорду, айдоо аянттарын суу каптаган. Суу каптаган жерлерди тазалоо, суу каптоо коркунучун жоюу иштери улантылууда. Ошондой эле суу каналдарынын жээктерин бекемдөө жана нугун тазалоо иштери жүргүзүлдү.
"Чүйдө суу каптоону жоюуга 8 даана инженердик техника (4 экскаватор, 1 грейдер, 2 жүктөөчү унаа, 1 самосвал) тартылды. Болжол менен 30 гектар айдоо аянтты, 8 турак үйдү, 17 турак үйдүн короолорун жана кошумча курулуштарды, 1 унаа жолун суу каптаган",- деп айтылат маалыматта.