Ош шаарында куткаруучулар Ак-Буура дарыясындагы селде калып калган 23 жаштагы кызды куткарышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:32 чамасында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына "Озгур айылында болжол менен 1-көпүрөнүн тушунда Ак-Буура дарыясынын ортосундагы аралчада бир кыз калып калды" деген билдирүү түшкөн. Куткаруучулар аталган дарекке барып, селдин кесепетинен суунун ортосунда калган 1993-жылы туулган Зарина Базарованы куткаруучу альпинисттик шаймандардын жардамы менен аралчадан алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.