"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу жана ата-эненин баласына болгон жылуу сезимин, мээримин чагылдырган клиптердин бири - Султан Садыралиевдин “Балама” ырынын клиби. Клипти тартканга акча каражаты сарпталбаганын, бирок клипти тартып бүткөн соң баласы ооруп, аны эки ай молдолорго алып барып дем салдыргандан кийин айыкканын ырчы Султан Садыралиев айтып берди.
“Бул клипти Бекболот Бекбол аттуу режиссёр белек катары тартып берген, менден эч бир чыгым кеткен эмес. Уулум Акмырзанын туулган күнүнө арналып тартылган. Башында балам ойноп-күлүп жакшы тартылып жаткан, кийин дублдар көбөйүп кеткенде ыйлактап, курсагы ачып жүдөп кеткен. Өзү менен тең болгон чөптөр көзүнө кирип чыр салган. Клиптеги мен аны өйдө көтөрүп айланткан жеринде балам ыйлап жатып тартылган, бирок ал кадрдан билинбей калган”,- дейт Султан Садыралиев.
“Балама” ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.