Борбор калаада эки унаа сүзүшүп, айдоочу жана 18 жаштагы эки кыз ар түрдүү жаракаттарды алды

Борбор калаада эки унаа сүзүшүп, 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 21:56 чамасында "Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгы катталды" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын 2 унаасы жиберилген. Аталган даректе эки унаа сүзүшүп, 23 жаштагы мас абалдагы жигит баш мээси чайкалып, көкүрөгүнөн катуу жаракат алганын, 18 жаштагы кыз бетинен, көкүрөгүнөн катуу жаракат алып, баш мээси чайкалып, дагы бир 18 жаштагы жүргүнчүсү башынан жабык жаракат, мойнунан жана көкүрөгүнөн жаракат алганын, баш мээси чайкалганын аныкташкан. Жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, алар тез арада ооруканага жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан