Быйыл Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылууга 30 жыл толот. Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган апааттын кесепеттерин жойгонго катышкан, жабыр тарткандарга быйыл 20 миң сомдон 30 миң сомго чейинки суммадагы акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул үчүн республикалык бюджеттен 47 миллион сомго жакын каражат бөлүндү.
КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, буга катар алар ай сайын 1000 сомдон 7000 сомго чейин жардам алып турушат.
Кошумчалай кетсек, 26-апрелде жыл сайын КМШнын аймагында Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышып, радиациянын залалынан ар кандай дарттарга кабылып каза тапкандар эскерилет. Ошондой эле аталган апаатта жабыр тарткандарга ар кандай жардам көрсөтүлөт.